www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жумада COVID-19дун 895 жаңы учуру катталды

Кыргызстанда 1-7 август аралыгында коронавирус жуктурган 112 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы жумада COVID-19дун 895 жаңы учуру катталган.

Анын ичинде:

- 628 адам саламаттыкты сактоо уюмдарына оорунун белгилери менен кайрылышкан;

- 187 адамда COVID-19 өлкөдөн чыгуу учурунда ПЧР-тест тапшырууда аныкталган;

- 13 адам – Россия, Казакстан жана Беларустан келген мигранттар;

- 783 амбулатордук дарыланууда;

- 112 ооруканага жаткырылган.

2022-жылдын 7 ай 7 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 19 миң 923 учуру катталса, анын ичинен 17 миң 929 (89,9%) учуру лабораториялык түрдө жана 1 миң 994ү (10,1%) клиникалык-эпидемиологиялык аныкталгандар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости