www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш Украинага жардамга 11 миллиард доллар бөлдү. Бул Орусиянын энергоресурстарына төлөгөн каражатка салыштырмалуу аз. Мындай мүнөздөгү макала FP журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.

Басылма дүйнөлүк экономика боюнча Киль институтунун эсептерин келтирген. Ага ылайык, батыш өнөктөштөрү Киевге 31 миллиард доллар убада кылышкан. Бирок июнь айынын аягы, июлдун башында каржылык колдоо көбөйгөнүнө карабастан, Украинанын бюджетине убада кылынган акчанын үчтөн бир бөлүгү гана түшкөн.

"Бүгүнкү күнү жардам иретинде бөлүнгөн каражаттын көлөмү 11 миллиард долларды түзөт. Бул Орусия өзүнүн газы үчүн алган акчадан да аз", — деп айтылат маалыматта.

Орусиянын аскердик атайын операциясы башталгандан бери Батыш мамлекеттери Украинага курал жеткирүүнү улантууда. Июлда Вашингтон 820 миллион долларга аскердик жардам пакети бөлүнгөнүн кабарлаган.

Москва өз кезегинде Украинага курал-жарак берүү чыр-чатакты токтотпой создуктура турганын бир нече жолу айткан. Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыштын мындай аракеттери орус-украин сүйлөшүүлөрүнө терс таасирин тийгизерин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости