www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда «Манас» аэропортунда башаламан будуң-чаң жүрүп жатканы айтылууда. Мындай пикирин «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди.

«Жакында «Манас» аэропортунун директорлор кеңешинин чечими менен Башкы директорлук кызматка өмүр таржымалы коомчулукка анчейин белгисиз, ийгилик жараткан иши да, изи да жок Манас Самидинов аттуу жигит дайындалган.

М.Самудинов азыр ЖКда транспорт-авиация тармагын тейлеген комитеттин төрагасы Бакыт Сыдыковдун жакын чөйрөсүнөн экендиги белгилүү. Дайындалган соң ишти жөндөп кетсе бир жөн, азыр мекемеде башаламан будуң-чаң жүрүп жаткандыгын ичинен билгендер бушайман болуп айтышууда.

«Манас» аэропорту сыяктуу стратегиялык мааниси бар маанилүү мекемеге адистиги, иш-тажрыйбасы туура келген адамдарды алып барбай эле, өкул бала-өз бала принциби менен сары ооз балапан балдарды алып барса кайдан иш жылмак эле?

Ушинтип олтурса, дүйнөлүк авиаторлор айдыңында кара тизмеде турган кыргыз авиация тармагы качан оңолот!?», - деп белгилеген Кошалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости