www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Интернационал айылынын тургуну Айжан Сүйүналы кызы төрөттөн кийин укпай калды. Өзүнүн айтымында, экинчи кызын төрөгөндөн кийин кулагына шуулдаган үн угулуп баштаган. Арадан төрт жыл өткөн соң төртүнчү баласын жарык дүйнөгө алып келген. Бул төрөттөн беш күн өткөндөн кийин эки кулагы тең укпай калган.

"Ата-энем Талас облусунда, айылда турушат. Учурда төрт баланын энесимин, улуу уулубуз 8 жашта, андан кийинки кыздарым 5-3 жашта, эң күчүүсүнө 2 ай болду. Жолдошум шаарда эмерек жасаган цехте иштейт. Менин кесибим мугалим. Окуумду бүтүп, мектепте аз гана убакыт иштедим. Азыр балдарым менен үйдөмүн.

2016-жылы экинчи кызымды төрөгөндө кулагымда үн пайда болду. Ошол жылдан баштап кулагымдын угуусу начарлай баштады. Бирок, мынчалыкка чейин ооруп каларын билген эмесмин. 2018-жылы баягы үн күчөдү. Оң кулагым толук укпай калды. Кулагымды дарыгерге көрсөтүп, бир нече жолу дарыландым, бирок жыйынтык болгон жок. Тескерисинче, оорум күндөн-күнгө күчөп жатты.

Оң кулагымды текшертсем, дарыгерлер «3-даражадагы укпай калуу» деген диагноз коюшкан. Ошентип менин мурдагы жашоом өзгөрдү.

Акыркы үч жылдын ичинде кулагым укпай калгандыктан көпчүлүктөн качып, үйдөн чыккыс болдум. Кызыгы, кулагым 15 күн чала-була укса, 15 күн такыр укпай калчу. Мурда мага адаттагыдай эле акырын сүйлөп кайрылган тааныштарга эми кечке эле «ыя?» деп кайра-кайра сурай бергенден тартынчу болдум. Ошондон улам да көчөгө чыга албай жүрдүм.

2020-жылдын 12-мартында төртүнчү баламды жарык дүйнөгө алып келдим. Төрөтүм абдан оор болду. Ошол төрөт маалында кулагымдагы үн баягыдан да күчөп укпай, көзүм караңгылап, эч нерсе көрүнбөй калды. Анан үйгө чыгып калдык. Кулагыма ар кандай үндөр угула баштады. Ошол төрөттөн беш күн өткөндөн кийин таң эрте эки кулагым тең жабылып, эч нерсе укпай ойгондум. Ал ортодо карантин болуп, ооруканага барбай, бир ай убакытты өткөрдүк. Башымдагы үн күчөп, түнкүсүн уйку бербей калды. Дарыгерлердин мурда жазып берген дарыларын ичтим, бирок эч кандай жыйынтык берген жок. Үйдөгүлөр менен баракка жазып сүйлөшүп калдык. Балдарым болсо мени мурдагыдай көрүп, сүйлөй берет. Кээде алардын мага кайрылып жатканын байкабай калам. Ошондо «апалай» беришип, ыйлап да жиберишет. Жолдошум жумуштан кийин жанымда болуп, балдарды каралашып жатат.

Кээде сүтүм да чыкпай калат. Мындайды душманыма да каалабайт элем. Абдан жаман экен. Кээде укпай калганымды унутуп калып, телефон менен апама чалып алам. Жолдошум жумуштан келген соң, аны менен телефон аркылуу кат жазып сүйлөшүп калдым. «Ушинтип эле укпай каламбы?» деп күнү-түнү ыйлачу болдум. Азыр эки кулагым тең укпайт.

Кудай жалгап, биздин мамлекетте мындай ооруну айыктырса болот экен. Чет өлкөдөн кохлеарный  аппарат алынып келиптир. Операцияга 25 миң доллар деп жатышат. Жолдошумдун айлыгына жашап келебиз. Мындай көп суммадагы акчаны өмүр бою иштесек да чогулта албайбыз го. Кудайга шүгүр, ата-эне, бир туугандарыбыз жардамын берип жатышат. Бирок, айтылган сумманы чогултуу кыйын болуп турат. Менин азыр болгон тилегим - балдарымдын үнүн угуп, кайрадан ден соолугум калыбына келсе дейм», - деди ал.

Бул - наристелеринин үнүн, жалбырактын шуудураганын, жамгырдын дыбыраганын укпай, ыйлаган келиндин үнү. Төрт наристеси менен эртеңкиге үмүттүү караган Айжанга жалпылап кол суналы!

Сбербанк

4276380134412571;

Элсом: 0706 708093

Булак: АЗИЯnews

Последние новости