www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уу коргошунду колдонуу өтө кооптуу. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Ал ошондой эле, буга чейин уу коргошунду дарылануу максатында колдонуп келишкенин кошумчалады.

«Бирок мен министр, дарыгер, медицина илимдеринин доктору катары клиникалык далилдери жок бул маселени мамлекеттик деңгээлде көтөрүүнү туура эмес деп эсептейм. Министрдин уу коргошунду ичкенин көргөндөр аны колдонуп көрүшү мүмкүн.

Бул — уу. Балким, жардам бериши мүмкүн, бирок биз муну илим тарабынан далилдешибиз керек болчу. Бирок мен медициналык адис катары уу коргошунду колдонууга кеңеш бербейм», - деди ал.

Эске салсак, 2021-жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды 2-3 күндө дарылоону үйрөнүшкөнүн айткан.

Министр Бейшеналиев уу коргошундун даярдалышын көрсөэтүп, аны биринчилерден болуп ичип көрсөткөн.

Андан соң Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун колдонулуп, 400гө жакын бейтап коронавирустан айыкканын билдирген болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости