www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жаш жасалма активистердин катарын толуктаган Чыңгыз Капаров деген жаран бар. Бийликке жетүү үчүн белгилүү кишилердин эшигин сагалап, ары жагында эч нерсе жок болсо деле акыл айтымыш болуп чыга келет.
Өзү 1984-жылы 27-августта Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Шоро айылында туулган. Кыйратып басып өткөн эмгек жолу деле жок. Бактысына жараша, мамлекетте төңкөрүш болгон сайын чарыгын сүйрөп, чуу чыккан жерден калбайт.
2010-жылдагы окуядан кийин Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы болуп, кара папке көтөрүп, каадаланып басып, андан соң "поезд токтоткуч" болуп иштейт элемин", деп ар кайсы жергиликтүү ММКлардан боздоп, кошок айтып келген.
Арызчыл, атына заты жарашпаган Чыңгыз Капаровдун тилин басыш үчүн кызмат алып, президенттин иш башкармалыгынын экономика бөлүмүндө экономист болуп иштеген. Иштин көзүн билбей, ал кызматтан кеткен. Эми ышкырганга беш эчкиси, же тиши жок Чыңгыз, президент Садыр Жапаровго жагына албай, социалдык тармакта акыл айтып турган чагы. Мамлекеттик кызматка ЖАШ керекпи же иштей турган БАШ керекпи?
Булак: NazarNews.kg