www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы акыркы учурда абанын булганышы бир топ маселе жаратып келет. Бул боюнча тиешелүү органдар зарыл болгон чараларды көрүп жатканын айтып келишет. Бирок, ушул тапта эч кандай натыйжа бербей келет.

Жаркынбек Касымбеков, медицина илимдеринин кандиданты азыркы абанын булганышынын дэңгээли тууралуу айтып берди.

Кыргызстандагы абанын булганышынын себептери:

40% сапатсыз бензинди колдонуу;

30% туура эмес модернизация болгон Бишкек ЖЭБ;

30% жеке менчик тигүүчү цехтердин иштөөсү.

Анын айтымында, мунун баарын көзөмлдөгөн органдар жок. Болсо дагы тыкыр иш аткарылбай келет.

«Абанын азыркы учурдагы дэңгээли эң кооптуу деп табылды. Анткени азыркы кир абанын жаш балдарга эле эмес бүт адамдардын өмүрүнө өтө кооптуу. Борбордогу ыш адамдын ден-соолугунун начарлашына гана алып келбестен өлүмгө да себеп болот.

Бул имундук системаны, дем алуу системаны бара бара жүрөк менен нерв системасын талкалайт», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости