www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда түркүн окуялар көп. Баары кызыктуу жана кейиштүү. Биздин маалымат сайтты окурмандарыбыз дагы бир кызык окуя менен кабардар кылды. Алсак, “Манас” эл аралык аэропорту “списанный” унаа сатып атыптыр. Үлгүрүңүз, “ит жылында иттей” арзан баада. Эң жогорку баасы 3, 335 миң доллар болсо, эң арзаны 493 АКШ долларын түзөт, “но подозрительно”... Таң калычтуусу автоунааларды атайын комиссия мынча арзан баада койду экен деген суроо жаралат. Кызыгы, 2009-жылдагы чыгарылган Toyota Camryнин (Тойота Камри) баасы 2 миң 500 АКШ доллары турса, учурдагы базар баасын алсак 10 миң АКШ долларын чапчыйт.

Дегеле “Манас” эл аралык аэропорту мамлекеттик аэропортпу же кайсы бир аткаминердин жеке менчик мекемесине айланып кеткенби? Себеби, өткөн жылдагы “Манас” аэропортундагы кулаган учак кырсыгы ушул күнгө чейин купуя сыр болуп келсе, “списанный” автоунаалардын баалары карапайым элдин кыялындагы баага арзып, көзүбүздү чекчейтти. 

Баса, кыялыңызды ишке ашырам десеңиз төмөндөгү тизмеге көз жүгүртүп, “Манас” эл аралык базарына келип автоунаа сатып алыңыз.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости