www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарык жашоо тартуулаган ошол түн

Эки айылдын аралыгы өтө деле алыс болбогондуктан барып-келип иштечүмүн. Мектептеги сабагым бүтөр менен жөө чыкканымда ашып кетсе 15-20 мүнөттүк жол. Унаа күтсөң айланып жүрүп отурат. Ошондуктан чет жактарьн калың бадал, чычырканак баскан төтө жол менен күнүгө өтөм.

Жаз мезгилинин аягы болчу. Күндөрдүн биринде окуучулардан экзамен алып жатып кеч күүгүмгө калдым. "Үйүңө жеткенче жер караңгы болуп калат. Биздикине конуп, эртең бар" деп айткан мугалимдердин сөзүнө көнбөй жолго чыктым. Кичине кезимен бери көз айнек тагынчу элем. Кечке ак барак тиктеп күч келгенгеби, көзүм ачышып, жаш агып, башьм сынып ооруп, катуу чарчаганымды сездим. Бирок айла жок, эки жагымды элеңдеп, жалгыз шашып өзүмдүн айылыма баратам. Жолдун орто ченине келген кезде топ чычырканактын арасынан шуудураган үн чыгат. Карышкырбы деген ой кетти. Кайра бул жакта кайдан болсун деп өз оюма өзүм күлкүм келип, коркуп турсам дагы кызыкканыман үн чыккан жерге басьш бардым. Ошондо кичинекей саздак жерди көрдүм. Эмнеге билбейм, мени бир нерсе ошол жакты көздөй тартты. Эми кадам шилтемекчи болгондо кулактын тарсылдагын жарчудай чыңырган үн чыкты. Коркуп кетип, артка бурула бергенимде чалгы менен чапкандай мен шалак эте кулап түштүм. Анан ордуман турсам, саздын үстүнөн көз уялткан шарды көрдүм. Жарык нур чачыраткан шар бир кезде майда-майда шакекчеге бөлүнүп, алардын ортосунда калдым. Денемди жагымдуу жылуулук аралап, заматта магдырап, уйку басты. Анан эсиме келе түшүп, артымды карабай жолго чуркап чыктым. Жолду карай "коркконго кош көрүнөт" болду окшойт деп өзүмдү өзүм жооткотуп коём. Бул окуяны үйдөгүлөргө эч айткан жокмун.

Эртең менен ойгонсом шайдоот тартып, өзүмдү болуп көрбөгөндөй жеңил сездим. Маанайым да көтөрүңкү. Кийинчерээк анда-санда зыңылдап ооруп калчу баш оорум токтоду. Баарынан кызыгы ошондон кийин мен көз айнек тагынбай калдым. Алысты көрө алчу эмесмин, эми көзүм мергенчиникинен да курч.

Балким, ден соолугумдун жакшырышына баягы түнкү окуя себеп болуп жүрбөсүн деп азыр ойлоп коём. Бу турмуштан баарын күтүүгө болот эмеспи.

А.ШЕРГАЗИЕВ, Ак-Суу району

Булак: "Сырдуу дүйнө"

Последние новости