www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарым жылда 33,5 млрд. сом салык чогулду. Бул жыл башындагы алдын-ала божомолдонгон суммадан 5,1 млрд. сомго аз. Ал эми былтыркы жарым жылда чогулган салыктын өлчөмүнөн 2,7 млрд. сомго аз жыйналды.

Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын акциздик салыгынан түшкөн салык 330,4 млн. сомду түздү. Бул алдын-ала божомолдон 358,5 млн. сомго аз.

Өкмөт коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл мамлекеттик бюджетке 30 млрд. сомдун айланасында акча түшпөй каларын билдирген. Бул кенемте эл аралык донорлордон алынган каражат менен толукталып, пенсия, жөлөк пул жана айлык акы төлөөгө жумшалып жатканын Финансы министрлиги кабарлаган.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, коронавирус пандемиясына байланыштуу социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылыш үчүн Кыргызстан быйыл эл аралык донорлордон жалпы 742,9 млн. доллар жардам алат. Августка чейин бул сумманын 333,3 млн. доллары келип түштү. Калган 409 млн. доллар жыл аягына чейин келет деп күтүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости