www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жасалма номур тагылды делген автоунаага байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-июлда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматтык автоунаасында жасалма мамлекеттик номуру тагылгандыгы боюнча маалымат чыгарылган.
Аталган факты, Ысык-Көл ОИИБдин КЖБРне катталып, жоруктар жөнүндө кодексинин 173-беренесинин 1-бөлүгү (Транспорт каражатын жалган же жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Өндүрүш иши Ысык-Көл ОИИБи кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg