www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жасалма виза даярдоо каналы аныкталып, 100дөн ашуун электрондук визаны жасалмалоого катышкан чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тактап айтканда Пакистандын жараны М.Т.К. мыйзамсыз киреше табуу максатында мекендештерине жасалма виза жасоо схемасын уюштурган.
«М.Т.К. Пакистандын жараны М.А.га эки электрондук визаны (2 айга) 150 долларга тариздөөнү, 1 жылдык визаны 1700 доллардан, жалпы 4 визаны 6800 долларга тариздөөнү сунуштаган. М.Т.К.нын талабы боюнча ага аванс катары 4400 сом которулган.
22-апрелде М.Т.К. талап кылган 87 400 сомдун бир бөлүгүн алган учурда кармалды. Ал шериктери менен биргеликте Кыргыз Республикасына келген мекендештери үчүн 100дөн ашык жасалма электрондук виза даярдаган.
23-апрелде М.Т.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Терг уланууда.