www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеӊеште Улуттук илимдер академиясынын президентин шайлоо жол-жоболору менен тартиби кайрадан такталууда. УИА ишин жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
УИАнын президенти 70 жаш курактан жогору эмес анык мүчөлөрдүн жана корреспондент-мүчөлөрдүн арасынан жашыруун добуш берүү менен, 4 жылдык мөөнөткө атаандаштык негизде шайланат. Ал талапкер премьер-министр тарабынан бекитилет жана бошотулат. Бир эле адам УИА президентинин кызматына катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
Эске салсак, өткөн окуудагы талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар УИА президентинин жаш курагынын чегин чектебөө, аны академиктердин арасынан гана шайлоо зарылдыгын, УИАда илимий ачылыштар, келечектүү иштер жасалганы менен, аларды колдонуу жагы аксап жатканын, аны Өкмөт менен биргелешип чечүү керектигин белгилешкен.
Булак: «NazarNews.kg»