www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаштар алдым, жуттумдардан үлгү алабы?

Парадокс. Азыр баралына келген жаштарга байлыкты энчисиндей басып алган бай чиновниктер кайсыл жагынан үлгү көрсөтүүгө дарамети бар? Алдым, жуттумдуккабы, же кантип 300 миң долларды садага чаап мандат алып келген жоругу мененби? Калпты шыпыртканды, саткынчылык кылганды, жеп, ичкенди куп өздөштүргөндөрдөн пайдалуу сапатты үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк жок. Акыйкатта эле коомчулуктун жүрөгүн кесе тилген ушундай тескери көрүнүш орун алганына көп болду. Бирок, “упчуну” гана сорууга кыныгып калган эпчилдер акылдууну эмес, кеңкелес болсо дагы капчыгы колтойгон байларды колдоп чыгууга даяр турушканы кооптондурганы менен андан майнап чыкпайт. Акчалуулар какус-кукуска учурар замат чөөдөй болуп чуулдап, оңбогурларды колдоп чыкчулар толтура. Муну алар өөн көрбөй калышты. Анткени ортодо ысык май токоч турганы үчүн уйкусунан безип, энтеңдеп чуркап келишет.

Керек болсо эки диплому бар, чет өлкөдөн билимге каныгып келген жаштар колоктоп бош жүрүшөт. Мунун деле айтып койчу жөнү бар. Кызматка барыш үчүн ортомчу таап, “ставкасын” берип анан гана жумушка орношууга жол ачылаарын баары эле беш колдой билишет. Каңырыш чыккан кептерге караганда “ставкалар” мурдагыдан он эсе ашып кетиптир, чиркин! Ошол үчүн үлкөн кызматтагы куда-сөөктөрдүн, аяш аталардын, бөлөлөрдүн, тайкелердин, акелердин доораны сүрүп жаткан кези. Партияга кирбеген, тааныш-билиши жок билимдүү, эстүү жаштарга эч ким көңүл бурбайт. Болгону алар мындан ары кээ бир шылуундардын “торпедосу” болуп калышаарын ойлогондо ич ачышат. Ашказанды эч ким бууй албайт, аны ар качан кампайтып турбасаң ичиң кулдурап өзүңдү беймаза кылат. Муктаждык чыкса аттын башындай алтыныңды бир сындырым нанга, же болбосо бир калта талканга айырбаштап жибересиң. Буга окшогон жокчулукту ата, бабаларыбыз башынан кечиришкенин эстен чыгарбоо кажет.

Эмнеси болсо да кабатырга салган маселелер арбып кетти. Ууртунан май тамган, айткан, дегени жерде калбай аткарылган мамлекеттик мыкчыгерлер, атка минерлер шайлоого барчу партиялардын тизмесинин баш жагында кайкалашат. Жалаң төш, жылаңайлак белдүү саясатчылар болсо карапайым элден үмүт этип, эки көзүн аркардай жайнатат. Митаамдыкты үйрөнгөн куйту жаштар болсо азуусун айга жанган байлардын жан-жөөкөрү болуп, шайлоого аттанганы турушат. Бул суусу кошулбаган чындык. Демек, кайра эле оозу кыйшык болгон көпөстөр ак үйдүн төрүнө чыгып кетишеби? Ошондуктан мээни оң тарапка тегеретип, жол көрсөтчүлөр чыгышы учурдун талабы десек туура келет. Антпесек курулай үмүт менен кылдырап жашай беребиз.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости