www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КСДП депутаты өткөндө “дүжүр” деп кайсы депутатты айтканын билесиздер да. ошол “дүжүр” жаштардан чыккан депутат Дастан Бекешов эмеспи. Бул депутат 2010-жылы “Ар-Намыс” менен ак үйдүн астанасын аттап, өзүн активдүү депутат катары көрсөтүп, 2015-жылы КСДПга секирген эле. Акыркы жылдары бул активдүү депутат элге эмес, өзүнүн кесиптештерине да жакпай калганы байкалууда.
Көрсө, көп учурда акылдуусуна бермейди адатка айлантып алган окшобойбу. Бийликке да ашыкса жагынып, болор-болбос, элге жакпас мыйзам долбоорлорун сунуштай берчү болду. Бекешов бул ирет интернетте негизсиз сын пикир айткандарга 20 миң сом айып салуу боюнча “акылды” айтып чыкты. Негизсиз деген бул жөн эле кеп. Бул дагы сөз эркиндигине тыюуу салуу болуп эсептелет.
Чынын айтканда, интернет аркылуу эл көптөгөн былыктарды ачыктап, кутурган атка минерлердин тизгинин тартып, бийликти да сындап келет. Чынында бийлик интернеттен сын айткандар аркылуу өзүнүн бир катар кемчиликтерин оңдоп келатканы факт.
Эскерте кетсек, Freedom House уюму тарабынан жыл сайын белгиленчү “интернеттеги эркиндик” рейтингинде Кыргызстан 22-орунду ээлеген.
Булак: "Багыт"