www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы
Т.Т. Жапаровго
Соттолуучу Кадыров Кубанычбектин, Асанов Бектурдан, жактоочусу Кыдыкбаев Марсбек Бекбосуновичтен
Карыбеков Эрнесттин жактоочусу Абдураимов Уландан
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Таалайбек Токталиевич! Сизге кайрылып жатканыбыздын себеби, бир жумадан бери коомдук саясий ишмерлер-соттолуучулар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана Эрнест Карыбековтор кургак ачкачылык кармашып жатканы белгилүү болуш керек.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, алардын коопсуздугун, саламаттыгын көзөмөлдөө Сиздин жетекчилик алдындагы №47 мекемесине жүктөлгөн. Белгилеп айта кетсек, №47 мекемесинин дарыгерлеринин кайдыгер, шалаакалыгынын айынан, 2018-жылдын 2-февралында Бектур Асанов сот процесс учурунда эс учун жоготкон, жыйынтыгында кечки саат 19.00 дарыгерлердин коштоосунда жогорудагы мекемеге жеткирилген.
Ал эми Кубаныч Кадыров жана Эрнест Карыбековтордун дагы ден-соолуктары соттор тарабынан эске алынбастан, №47 мекемесинин дарыгеринин (оозеки) берген корутундусунун негизинде, саат 22.00 чейин уланган. Ошол себептен, эртең 6-февральда боло турган сот процессине, мыйзам чегинде, объективдүү корутунду берүүңүздү суранабыз. Жогоруда аты аталган саясатчылардын саламаттыгынын коопсуздугу үчүн соттор эмес, Сиздер жоопкерсиздер.
Жогорудагылардын негизинде, бул ишти жеке көзөмөлгө алууңузду өтүнөбүз жана бул атайы Кайрылуу деп билиңиз.
Урматтообуз менен, Кыдыкбаев М.Б. Абдураимов У.
0702 07 19 89
0555 35 08 17
5-февраль 2018-жыл.