www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш кыздар эмнеликтен сойкулукка барууда деген сурообузга жооп алуу үчүн сойкулар байырлаган баарына белгилүү дарекке кабарчыбыз маалымат алуу үчүн барды. Баарысы башында маектешүүдөн качып жатса, көптүн арасынан бир жаш кыз өзүнүн тагдырын ачык айтып берүүнү туура көргөн.

Жазира ушул жылы араң 18 жашка толду. Анын айтуусу боюнча 12 жашында эки таксисттин зордуктоосуна кабылган. Эмне себептен сойкулук жолду тандап алганы боюнча бизге төмөнкүлөрдү баяндап берди.

Айтымына караганда болуп өткөн окуядан кийин ал интимдик жашоого кызыгып калган. Каарманыбыз акчадан эч кем болгон эмес анткени апасы дүкөн иштетет. Болгону ал чоңдордун төшөк жашоосун көрүп калгандыктан интимдик жашоо менен жашап калган. Ал сойкулук жолду өз каалоосу менен тандап алган. Каарманыбыз кардарларга көрсөткөн кызматтары тууралуу буларга токтолду.

"Биз курбу кыздарыбыз менен биргеликте сауналарга барабыз. Ал жерден 50 жашка чейинки эркектерге кызмат көрсөтөбүз. Мен көбүнчө чет элдик конокторго кызмат көрсөтөм. Анткени алар ак көңүл. Ал жерге барганда экиге бөлүнөбүз. Бизди "чай" жана "кофе" деп коюшат. "Чай" тобундагылар эркектер менен көңүл ачып, олтуруп арак ичет, бирок интимдик кызмат көрсөтпөйт. Мен "кофемин" мен ичем, көңүл ачам, эркектер менен жатам. Аларга ырахат тартуу кыламын. Мага азырынча эркектерге ырахат тартуу кылган жагат. Жумушумду сүйөм"- деп сөзүн жыйынтыктады Жазира.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости