www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазма акын Молдо Нияздын чыгармалары түрк тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев билдирди. 

"ТҮРКСОЙ эл аралык уюму кыргыз адабиятын жана маданиятын түрк дуйнөсүнө таанытууга, жайылтууга бир топ аракеттерди жасап келүүдө. Кыргыздын улуу жазма акыны, агартуучусу Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата ТҮРКСОЙдун колдоосу менен биринчи жолу түрк тилинде чыгармасы, ал жөнүндө изилдөө жарык көрүп олтурат. Буга чейин түрк окурмандарына жетпей келген Молдо Нияздын мурасы кеңири руханий дүйнөсүн ачты. Бул китеп Молдо Ниязды изилдөөгө түрк окмуштууларына да негиз болуп берет деген үмүттөбүз. Азыркы күндө Молдо Нияз мурас таанытымы Анкаранын, Стамбулдун белгилүү университеттеринде, ТҮРКСОЙдун штаб-квартирасында коомчулук менен бирге өткөрүү максаты белгиленди.

Буга чейин ТҮРКСОЙдун колдоосу менен Чыңгыз Айтматовдун, Касым Тыныстановдун, Төлөгөн Касымбековдун, ошондой эле Жолон Мамытовдун, Мар Байжиевдин, Атантай Акбаровдун китептери жарык көрдү. Алдыда Барпы, Казыбек казалчы, Байдылда Сарногоевдун ошондой эле бир топ азыркы адабият өкүлдөрүнүн чыгармаларын түрк тилинде басып чыгаруу белгиленген.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму азербайджан, казак, өзбек, түрк, түркмөн, мажар адабияты, ал гана эмес дүйнөнүн ар кайсы булуңунда жашаган түрк тилдүү элдердин руханий берметтерин кеңири жарыялап келет. Жакында эле Иракта жашаган ирак түркмөндөрүнүн балдарына арнап, 30 миң нускадагы балдар үчүн китепти чыгарып, аларды чоң кубанычка бөлөп келди", - дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости