www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу тууралуу маалымат таратты. Анда Кемелбек Кутманов учурда аталган шаардагы департациялоо борборунда экени, жакын арада Кыргызстанга жөнөтүлөрү айтылган.
"Анын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөндөн тартып Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана Ички иштер министрлиги түрк тарап менен тыгыз кызматташтыкта издөө жүргүздү. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ал жаран табылып, учурда Түркияда депортациялоо борборлорунун биринде коопсуз абалда турат, жакын арада Кыргызстанга жиберилет. Башкы консулдук бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алганын билдирет", - деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында Президент Садыр Жапаров 24-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кутманованын айланасындагы соңку жагдайлар тууралуу суроого жооп берип, экс-министрдин уулу Стамбулда уурдалган деген билдирүүнү четке каккан.
Ал эми, буга чейин Ички иштер министрлиги Кутманованын уулу Кемелбек Кутмановдун Стамбулда уурдалганы жөнүндө маалымат такталбаганын, аны депортациялоо маселеси каралып жатканын маалымдаган эле.
Кутманова уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп алгач 2 миллион доллар талап кылып, кийин 600 миң долларга түшүрүп коё беришкенин, аны ким уурдап, ким буюртма бергенин аныктоо өтүнүчү менен ИИМге да, УКМКга да кайрылып, бирок жооп албаганын айтып чыккан.
Булак: NazarNews.kg