www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу, котормочу, журналист Шерназар Шүкүров 5-августта 68 жашында Бишкек шаарында оорунун айынан дүйнөдөн өттү. Сөөгү бүгүн, 6-августа Лебединовка аймагында жерге берилерин жакындары кабарлашты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Маркум 1951-жылы 28-мартта Өзбекстандын Замин районунун Жети-Кечүү айылында жарык дүйнөгө келген. 1967-жылы аталган айылдын он жылдык кыргыз орто мектебин бүтүп, совхоздо эсепчинин жардамчысы, тракторчу болуп иштеген.

1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде улук илимий кызматкер,«Мектеп» басмасынын адабий-көркөм редакциясында редактор, «Кыргызстан маданияты», «Советтик Кыргызстан» гезиттеринде, «Кыргызстан коммунисти» журналында, Мамлекеттик телерадио комитетинде кабарчы, көркөм адабий, тарыхый-этнографиялык «Мурас» журналында башкы редактор, «Кыргыз туусу» гезитинде, «Чалкан» журналында баяндамачы, редактордун орун басары, Кыргызстандын Эл өкүлдөр жыйынынын басма сөз кызматында кеңешчи, «Азаттык» радиосунда кабарчы, республикалык «Эркин Тоо» гезитинде жооптуу редактордун орун басары, жооптуу редактору болуп иштеген.

1989-жылы «Советтик Кыргызстан» гезитине жарыяланган «Жылдыз көппү, кыргыз көппү?!» аттуу публицистикалык жол очерк түрмөктөрү үчүн Кыргызстандын Журналисттер союзунун сыйлыгына татыган.

1972-жылы «Ала-Тоо» журналына А.Мухтардын «Махабат» аңгемесин которгон. Мындан сырткары Гармаа Доржин, Жек Лондон, Уткир Хашимов сыяктуун авторлордун чыгармаларын кыргыз тилинде чыгарган.

Маркумдун артында үч кыз, бир уулу калды. Жубайы Зина Жакшылыкова мындан эки жыл мурун көзү өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости