www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Орусия менен салтка айлангандай жакын ымаладагы, өзгөчө жана артыкчылыктуу мамилелерин улантат. Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев автордук макаласында билдирген.
Министр белгилегендей, дүйнөдө болуп жаткан реактивдүү геосаясий жана аскердик-саясий процесстер туруктуулукту жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга кедергисин тийгизүүдө. Дүйнөлүк экономиканын көйгөйлөрү кескин курчуду. Ал мындай кырдаалда Кыргызстан үчүн тышкы саясаттын улуттук кызыкчылыкка багытталган концептуалдык негиздерин сактап калуу маанилүү экенин белгилеген.
Ал Кыргызстан жакын союздаштары жана өнөктөштөрү менен кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга ниеттене турганын айткан. Министр билдиргендей, коңшу мамлекеттер менен кызматташууну бекемдөө жана тереңдетүү биринчи планга чыгат. Кеп Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттер, ошондой эле Россия менен Кытай тууралуу болуп жатат.
"Орусия менен кызматташуу ар кандай предметтик багыттарды жана векторлорду камтыйт, алардын арасында коопсуздук маселелери негизги орунду ээлейт. Бул жаатта кызматташтыгыбыз аймактык коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү ролду ойногон ЖККУ алкагында уланат. Орусия менен кызматташуунун башка да маанилүү векторлору бар — бул азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшүү, эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүү жана башкалар", — деп жазылган макалада.
Ошондой эле ТИМ башчысы Кытай, Евробиримдик, АКШ, Түркия жана араб өлкөлөрү менен кызматташтык тууралуу айтып берген. Ал геосаясий абалга карабастан Кыргызстан көз карандысыз жана көп векторлуу тышкы саясатты карманууну уланта турганын белгилеген.
Булак: NazarNews.kg