www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында кыргызстандык Калидин Асикеев грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль тагынды.

Ал 82 килограммга чейинки салмак категориясында чыкты.

Финалдык беттеште азербайжандык Рифат Гусейнов менен кез келип, ага жеңилип калды.

Андан сырткары, кыргызстандык Үзүр Жузупбеков да күмүш медаль тагынды.

Ал 12-августта грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Жузупбеков 1/8 финалдан баштап, катары менен 3 жеңишке жетип, финалга чыкты.

Чечүүчү беттеште кыргызстандыктын атаандашы өзбекстандык Рустам Ассакалов болду. Таймашта  Өзбекстандын балбаны жеңип, жеңүүчү аталса, Жузупбеков күмүш байгени илди.

Бул медаль Кыргызстан үчүн Түркиядагы оюндарда тогузунчу медаль болду – 3 алтын, 4 күмүш жана 2 коло.

Ислам тилектештик оюндары бешинчи жолу өтүп жатат. 2021-жылы, коронавирус пандемиясынан улам алар 2022-жылдын августуна жылдырылган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости