www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 24-сентябрда БУУнун штаб-квартирасында өткөн деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 25-жылдык кеңешмесинде сөз сүйлөдү.

Министр өз сөзүндө Кыргызстандын топко төрагалыгынын негизги жыйынтыктарына токтолуп, төрагалык учурунда активдүү катышып, конструктивдүү кызматташкан бардык делегацияларга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал 2024–2034-жылдарга карата Аваза иш-аракеттер программасынын маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, программа деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн экономикалык трансформациясын жана туруктуулугун бекемдөө үчүн маанилүү негиз түзөт.

Кулубаев программаны ишке ашырууда, анын ичинде Жол картасын жана мониторингдин алкактык негиздерин иштеп чыгуу багытында жетишилген жылыштарды белгиледи.

Жыйынтыгында министр Кыргызстан Аваза иш-аракеттер программасын ишке ашырууну улантып, өлкөлөрдүн биримдигин бекемдөөгө жана тең укуктуу кызматташуу принциптерин илгерилетүүгө салым кошо берерин билдирди.

Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер декларациясы кабыл алынды.

 

Последние новости