www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян социалдык тармактарда расмий саясатчыдан тышкары, күнүмдүк жашоосун көрсөткөн өзгөчө образды калыптандырды.
Ал велосипед тебүү, спорт менен машыгуу, тамактануу, музыка угуу жана коомдук жайларда жүрүү сыяктуу кадрларды үзгүлтүксүз бөлүшөт. Мындай контент Пашинянды элге жакын көрсөтүп, саясий билдирүүлөрүн расмий протоколдон тышкары жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Анын социалдык тармактагы стратегиясынын негизги өзгөчөлүгү, саясат менен жеке жашоону бириктирип, өзүн коомчулукка күн сайын көрүнүп турган саясий каарман катары көрсөткөнү менен өзгөлөрдөн айырмаланат
Ошол эле учурда бул ыкма сын-пикирлерди жана талаш-тартыштарды да жаратып келет. Негизинен Пашиняндын санариптик образы, анын саясий коммуникациясынын маанилүү бөлүгү катары кызмат өтөйт. Бирок социалдык тармактагы популярдуулугу ар дайым эле саясий ишмердигине оң таасирин тийгизе бербейт. Соцтармактагы ашыкча эле жойпу аракеттери сын-пикирге кабылып турат.