www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гана Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Аккра шаарындагы Гананын Алтын кеңешинин (GoldBod) штаб-квартирасына барды.

Жолугушууда Гананын алтын өндүрүү тармагындагы тажрыйбасы талкууланды.

Атап айтканда, чакан көлөмдөгү алтын өндүрүүнү борборлоштуруу, алтынды өлкө ичинде милдеттүү түрдө аффинаждан өткөрүү жана баалуу металлдарды улуттук алтын-валюта резервдерине интеграциялоо маселелери каралды.

Жээнбек Кулубаев өз кезегинде Кыргызстандагы стратегиялык минералдык ресурстарды башкаруу тажрыйбасы, анын ичинде «Кумтөр» кенин улутташтыруу тууралуу маалымат берди.

Ал кенден түшкөн кирешелер социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө жана өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга салым кошконун белгиледи.

Тараптар алтындын жүгүртүлүшүн мамлекеттик көзөмөлдөө, контрабандага каршы күрөшүү жана баалуу металлдардын келип чыгышын көзөмөлдөгөн санариптик системаларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Гананын тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу, эксперттик консультацияларды өткөрүү жана тоо-кен тармагында санариптик чечимдерди колдонуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.

Последние новости