www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде Кыргызстан менен АКШнын маданий кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
1-октябрда музейдин директору Назгүл Өмүрзакова АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча бюросунун Басма сөз жана коомдук дипломатия менен байланыштар башкармалыгынын директору Эрик Каталфамо менен жолугушту.
Жолугушууга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин тарыхый-маданий мурас бөлүмүнүн башчысы Чынарбек Жолдошев жана тарых илимдеринин доктору, археолог Кубат Табалдиев да катышты.
Тараптар тарыхый-маданий мурасты сактоо жана жайылтуу, археологиялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү, маданий кызматташтыкты кеңейтүү жана музей адистери менен изилдөөчүлөрдүн тажрыйба алмашуусун күчөтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда АКШнын Кыргызстандагы тарыхый-маданий мурасты сактоого кошкон салымы белгиленди.
Анын колдоосу менен Бурана мунарасын сактоо жана консервациялоо, Өзгөндөгү Караханийлер дооруна таандык күмбөздөрдү реставрациялоо, Жалал-Абад облусундагы Шах-Фазиль күмбөзүн сактоо, ошондой эле Улуттук китепкана менен Улуттук илимдер академиясынын китепканасындагы сейрек кездешүүчү басылмаларды санариптештирүү жана реставрациялоо долбоорлору ишке ашырылган.
Эрик Каталфамо музейдин туруктуу экспозициясы менен таанышып, кыргыз элинин тарыхын чагылдырган археологиялык жана этнографиялык коллекцияларды көрдү.
Ошондой эле музейдин «Алтын коллекциясына» өзгөчө көңүл бурулду.
Маалыматка ылайык, коллекциядагы экспонаттарды реставрациялоо иштери АКШнын Маданий мурастарды сактоо боюнча Элчилик фондунун (AFCP) колдоосу менен жүргүзүлгөн.