www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кулубаев Жээнбек Молдоканович Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды жана буга чейин ага жүктөлгөн милдеттерден бошотулду.

Эске салсак, 22-апрелде ТИМ башчысы Руслан Казакбаев ээлеген кызматынан бошотулган. Президент Кулубаевди министрдин милдетин аткаруучу катары дайындап, Жогорку Кеңешке анын талапкерлигин бекитип берүүнү сунуштаган.

Кулубаев министр болгонго чейин президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости