www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин 10-жыйыны өтүп, анын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлганын министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн премьер-министр Акылбек Жапаров менен Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин 10-жыйынына катышты.

Кол коюлган документке ылайык, тараптар 26-майда Кыргызстанга келе турган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий сапарын уюштуруу жана өткөрүүнү талкуулашты.

Ошондой эле өкмөт башчылары эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, анын ичинде биргелешкен ишканаларды ачуу тууралуу кеп кылышты.

Өкмөттөр аралык кеңеш Кыргызстан менен Казакстандын ыйгарым укуктуу органдарына экономикадагы артыкчылыктуу секторлордо инвестициялык долбоорлордун реестрин түзүү жолу менен инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү тапшырмасын берди.

"Тараптар "Ак тилек" (Кыргызстан) жана "Карасу" (Казакстан) өткөрүү пунктуларынын районунда соода-логистикалык курулуштун долбоору боюнча меморандумга кол коюу, аталган аймакта биргелешкен өндүрүштөрдү ачуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну макулдашты. Ошондой эле алар маалыматтык технология, коммуникация, электрондук өкмөт жаатында долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Кеңештин кийинки 11-жыйынын 2023-жылы Казакстанда өткөрүүнү макулдашканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости