www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте окуучуларды сабаган кыз мектептен чыгарылабы?

Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Бишкекте окуучу кыздардын сабалышы боюнча эки учурду өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, буга чейин интернет айдыңына эки окуучуну сабаган кыздын видеосу тараган. Бул көрүнүш соцтармакта кызуу талкууга алынып, кызды мектептен чыгарып салууну талап кылгандар болгон.

"Балдардын билим алууга укугу болгондуктан кызды мектептен чыгарып салуу жөнүндө сөз жок", — деп айтылат маалыматта.

Маселе боюнча аткарылган иштер:

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча 1-класстан 4-класска чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү;

нөөмөтчү инспектор эки окуучу кыз менен сүйлөштү. Ата-энелер чакырылып, класс жетекчилер менен да баарлашуу болду;

окуя Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын көзөмөлүндө;

маселе Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын балдар боюнча комиссиясында каралып, кыздарга күч колдонгон окуучуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө;

өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, мектеп жетекчилиги жана ата-энелер комитеттери окуяга күбө болгон мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева өз кезегинде окуучулар арасындагы мындай ур-токмокко алуу фактыларына көзөмөл мындан ары дагы күчөтүлөт деп ишендирди", — деп айтылат маалыматта.

Ал ошондой эле балдар менен иштеген бардык уюмдарга келечекте ушундай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн окуучулардын жана ата-энелердин арасында профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү сунуштады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости