www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польшанын Орусия газын Германиядан реверс менен алышы Варшаванын РФтин көгүлтүр отунун керексиздиги тууралуу айткандарына каршы келет. Бул тууралуу сенатор Алексей Пушковдун айтканын РИА Новости жазды.

27-апрелден тарта "Газпром" Болгария жана Польшага акысын төлөбөгөнү үчүн газ берүүнү токтоткон. Муну менен катар эле эгерде София менен Варшава аталган продукцияны мыйзамсыз жол менен алса, башка өлкөлөргө транзитти кыскарта турганын айткан. Кийинчерээк "Газпромдон" Польша Орусиянын көгүлтүр отун алууну улантып жатканын, түз эмес, Германиядан реверс менен алганын билдиришти.

Пушков өзүнүн Telegram-каналында Польша Орусия газынан баш тарткандан кийин Германиядан реверс менен буюртма кылып, мурда РФтен алып жүргөндөй эле көлөм менен камсыз болуп жаткандыгын билдирген.

"А бирок Варшава Орусия газы кереги жок деп келет. Алар кимди алдагысы келип жатат?" – деген ал.

Эске салсак, Орусия 1-апрелден тарта касташкан өлкөлөрдөн саткан газынын акысын рубль менен кабыл алып баштаган, бул доллар, евро менен эсептешүүдөн кетүү максатында жасалган. Президент Владимир Путин орусиялык валюта менен эсеп-кысап жүргүзүүдөн баш тартууну Москва келишимдеги милдеттерди аткарбагандык деп тааный тургандыгын тактаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости