www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын жалпы дебаттар алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү трансляцияланат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

Өлкө башчысы кайрылуусунда демократиялык институттар менен коомчулукту бекемдөөгө багытталган реформаларды жылдырууга, экономиканы, социалдык секторду өнүктүрүү боюнча өлкөдө көрүлүп жаткан чараларга токтолот. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы пандемиясы маалындагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле ал эл аралык туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү сыяктуу глобалдык мүнөздөгү маселелер тууралуу айтат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде берилет.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу, быйыл Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бардык иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости