www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Жаныбек Капаров жана ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев катышты.

Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу, жарандардын саламаттыгы менен өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө өлкөнүн күч органдарынын көңүл борборунда биринчи кезекте коомдогу тынчтык жана туруктуулук менен эл турмушунун коопсуздугу турушу керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен күч органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылуунун маанисине көңүл бурду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости