www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда криминалдын баш көтөрүүсүнө көз жумду мамиле жасалды. Мындай пикирин бүгүн парламентке кайрылуу сөзүндө мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
Президент акыркы жылдар өлкөнүн коомдук, саясий-экономикалык турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн мезгили болгонун, бирок жетишкендиктерге карабастан учурдагы абал өзгөрүүлөргө муктаж экенин айтты.
"Өлкөдө менчикти коргоо сакталган жок, рейдерликке жол ачкан учурлар болду" деди.
Сот жана укук коргоо органдары өзүлөрү акыйкат болбой жатканына эл нааразы экенин кошумчалады.
Ички иштер министрлиги милициянын каттоосунда уюшма кылмыштуу топтордун 523 жигердүү мүчөсү бар экенин жакында расмий билдирген. 2017-жылы ар кандай кылмыштарды жасаганы үчүн милиция уюшма топтун 241 мүчөсүн кармап, кылмыш жообуна тарткан.
Булак: NazarNews.kg