www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровго байланыштуу маселени парламенттин кийинки сессиясында кароону сунуштоодо.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаевге кат жөнөткөн.

Анда премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров сунуш кылган программаны бекитүү, өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо боюнча Жогорку Кеңештин чечимдери учурдагы мыйзам бузууларды эске алып, президенттик аппарат тарабынан парламентке кайтарылып берилгени айтылат.

Мамлекет башчысы бул маселени Жогорку Кеңештин кийинки жыйынында белгиленген тартипте кароону сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости