www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык Кызыл Чырым комитети Армения менен Азербайжанды Тоолуу Карабактагы жаңжал учурунда кармалган туткундарды жана өлгөндөрдүн сөөгүн алмашуу иштерин баштоого чакырды.

Бул тууралуу Reuters жазып чыкты.

Евразия боюнча аймактык директору Мартин Шуэпптин айтымына караганда, бул тапта маселени тараптар менен талкуулоо уланууда. "Бирок мындай алмашууну баштоо үчүн кандайдыр бир маанилүү келишимге жетише элекпиз"- дейт ал.

Шуэпп эки тарап бул ишти аткаруу боюнча талаптарын сактайт деп үмүт артты. Мартин мырза жаңжалдашкан жактарды комитеттин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоого чакырды.

Эске салсак, Азербайжан менен Армениянын башкы дипломаттары 10-октябрда Москвадагы жыйында атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан. Ошондой эле эки тарап туткундарды алмашары кабарланган. Бирок бул келишимге карабай тынчтык режими сакталбай жатат.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган, бирок иш жүзүндө Ереван колдогон армяндар көзөмөлдөгөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрдан бери кармаш токтобой жатат. Анда оор артиллерия, аскердик учактар жана дрондор колдонулууда. Кармаш үчүн Ереван менен Баку бири-бирин күнөөлөп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости