www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинге Ми-8 вертолетунун трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Красноярск крайында  Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Красноярск крайында Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан  каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына  терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм.  Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын  тең бөлүшөбүз», -деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости