www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүп, ал жыйында коррупция маселесин тереңден айтып, күч тармактарын, айрыкча сотторду катуу сындаган эле. Ажонун сөзү жалпы коомчулукка жагып, эми элибиз ошол айтылган кептер ишке ашса экен деп, Кудайдан тилеп жаткан кези. Чынында Жээнбеков Кудай деген киши. Кудайдан коркуп, ибадат кылып, ыйман кылган адам экени атпай журтка белгилүү эмеспи. Мына ошол жыйында сот системасы такыр оңолбой, сот иштеринин көбү жең ичинен чечилип кетип жатканы, соттордун коррупцияга батканын, бир жылда 8 эле иш караган соттор бар экенин айтты эле. Ал жыйындан кийин ажо президенттин аппаратындагы бөлүм башчыларды кайра дайындоо боюнча буйрукка кол койгон. Мына ошол буйрук менен Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев Матаевич да кайра дайындалды. 41 жаштагы Манасбек бул кызматта 3-4 жылдан бери иштеп, Кыргызстандын сот системасын өзү каалгандай калчап жаткан «серый кардинал» катары жалпы коомчулукка жакшы таанымал болуп калды. Бул адам тууралуу ЖМКда көп айтылып, көп сындалып жазылды. Бирок, эч кандай натыйжа чыккан жок. Атамбаев да кызматтан албай койгон, Жээнбеков болсо аны сот маселеси боюнча эш туткансып, кайра дайындап, чалчактатып койду. Кыргызстанда ким сот болом десе, жана сот болуп иштегендердин кызматтык абалдарын, кайра дайындоо, кызматка алуу, кетирүү ж.б. маселелердин баарын дал ушул Арабаев аркылуу өтөт. Ал ушундай кызматтык таасирин көп эле сотторго тийгизип, айрымдарын ар кандай шылтоолор менен кызматтан кетирүүгө, сот кылып шайланууга «добро» берип келатканы тар чөйрөдө кызуу талкууга алынып келет. Манасбек Арабаевдин акыркы учурда өтө тездик менен байып жатканын да айткандар арбын. Албетте, бул жагы түшүнүктүү дечи. Президентибиз деле сот системасы кокодон коррупцияга батканын жакшы мисалдар менен айтты эле. Ал эми бизде Бишкекте судья болуу үчүн жогорку жактагы таасирдүү чиновниктерге бери жагы 50 -70 миң доллар «шапке» алышары айтылып келет. Буга чейин күч тармактарында «серый кардинал» болуп жүргөн Алмаз Матмусаев деген бар эле. Ага да көп сындар айтылып жүрүп, акыры кызматтан алынды. Сооронбай Жээнбеков сот системасы оңолсун десе, ойлонбой туруп Манасбек Арабаевди бул бөлүм башчылык кызматтан алышы керек. Эгер эл, ЖМК тараптан Арабаевдин дарегине айтылган сындарга анчалык ишенгиси келбесе, анда жеке өз көзөмөлүнө алып, Арабаевдин ишмердүүлүгүн тыкыр иликтөөгө алдырып койсо, ошол жетиштүү болот. Кыскасы, Арабаев кызматтан алынмайынча сот системасы оңолбойт десек туура болчудай…

Урмат Кабылбеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости