www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ачыгын айтканда... Президенттин дарегине сын айтуу кыйын, “келгенине көп деле убакыт болгон жок, качан болсо канга сиңген кыргызчылыгыңарды корсөтүп, көрө албастык кыласыңар”- деп чыкчу кошоматчы сөрөйлор Жэнбековдун тегерегинде деле толтура.
Мына ошол кайсы президент болбосун акырын колтугуна кирип алып, кулай баштаганда жарга түртүп жиберип, өздөрү аман калчу кошоматчылар бүгүн да бир ооздон: “Өз алдынча чечим кабыл ала албайт, чечкинсиз дединер эле, эми экс-президенттен бат эле кол үзүп, өз алдынча саясат жүргүзө баштады”, “дымагы бар экен”, “уу-у дагы көрөсүңөр, кара-кулжалыктар кыйын, булар бийликти колго алгандан кийин оңою менен чыгарбайт”, “коррупциянын атасын таанытып, киргизчү жерине тыгып жиберет” ж.б. ушу сыяктуу дифирамбаларды чертүүдө.
Жол болсун! Башка жагын айтпайлы, а бирок, кечээ күнү республикадагы кадыр-баркы 3 пайыздык чектен ашпаган “досун” сүйрөп, колдоп, керек болсо коңшулаш өлкөлөрдүн президенттери менен урушуп жүрүп шайлоодо добушу 53 пайыздан ашышына, демек, ажо болушуна чоң салым кошкон, чечүүчү ролду ойногон экс-президентти минтип аз убакыт ичинде “кидать” этип кеткени кайсы адамгерчиликке сыят, мунун кай жери эрдик? Бул кадамы жигитчиликке жатабы? Бул биринчиси.
Экинчиден, Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү өзү теледебатта убада берген 36 коррупционеринен башталышы керек эле го? Антпей эле, ал күрөшү кокусунан эле жолдон чыга калган коёндорду атып кете берген мергенчинин образын жаратууда. Камалгандарды карасаң, 90 пайызы кечээ кышында Бишкек ТЭЦине байланыштуу чатактын арты менен темир торду көрүштү. А эгер ТЭЦте авария болбогондо кимди камайт эле? Мына ошол өзү айткан үлкөн чабактарды камаганга духу жетет беле? А убакыт өтүп жатат, коомчулуктун сурай турган убактысы жакындап калды.
Үчүнчүдөн, мейли президент баракелде экен, коомчулукта көп сын-пикирлерге алынып келген эски доордун кадрларын кетирди, мына аягында Сапар Исаковду четке сүрүштү. Бирок, коомчулук ириде бул адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылбады беле? Экс-премьер Исаковдун артынан не деген чуулар чыкты... Анын баарынын отчетун албай, кетирип гана олтуруп калганынын эмнеси кызык? Макул дейли, Сапарды кетирген соң эл ишениминдеги өкмөттү түзсө болбойт беле? 90 пайызы мурунку эле министрлердин калганы – элди иренжитти.
“Эптеп эле премьерди алмаштырып, өкмөткө көзөмөлдү өз колуна алгысы келиптир”,- дегендердики туура болууда. Жээнбековдун жакшы чуркай албастыгына көздөрү жетип, ызырынгандар да көп болууда. Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков парламент депутаттарын каалашынча колдонду, аларды “күнкарама” кылууга жетишти. Алардын да беттери табак экен, кечээ эле Атамбаев бийлигин колдоп жүрүшсө, бүгүн “с потрохами” Жээнбековго сатылып кетишти. Ушуну менен, Жээнбековдун өкмөттү алмаштыруу аракетинин артында эки чоң бийлик бутагы – парламент менен өкмөттүн эл алдындагы кадыр-баркы “плитустан” төмөн түшүп кетти.
Төртүнчүдөн, президент Жээнбековдо мыкты, мамлекетти көтөрө турган команда түзүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Алар кимдер? Президентти шайлоодо кимдер колдоп, акча же кызмат үчүн эмес, адамдык сапатын айтып арбын добуш топтоп берген? Аларсыз Жээнбеков бул жерде олтурмак эмес, ачык айталы (Бабанов келип, абал башкача нукта өнүгөт эле). Мына ошол мыкты саясатчыларды, эл уулдарын да өз убагында кызматынан куп гана пайдаланып, марага жеткенден кийин унутуп, таштап кетти, кыскасы “кидала” болушту. Булардан кол үзүп, президент Жээнбеков эчен кайдагы элдин кускусун келтире турган кадрларды тандады. Демек, келечекке үмүт менен кароого негиз жок.
Бешинчиден, акыркы кезде мамлекеттик иштерге иниси Асылбек Жээнбековдун кийлигишип, экинчи Жаныш Бакиев болгусу келип жатканын көп булактардан угуп жатабыз. Бул эл кечирбей турган коңгуроо. Кезектеги үй-бүлөлүк башкарууну эл көпкө чыдап, көтөрө албайт...
Бул кыска аралыкта эле көзгө даана байкалган көрүнүштөр. Муну көрүп-билгендер азыртан жаңы президенттен түңүлүп, өзүнчө олуттуу күч болуп биригүүнү көздөшүүдө. Элдин саясий нааразычылыгын бийлик өзү жаратат. Оппозициянын күчтүү болушу да түздөн-түз президенттердин кадамдарынан байкалат. Жаңы президент Жээнбеков биз жазганды окуп, “кидальщик” боло бербей, катачылыктарын ондойбу? Бул маселе менен анын канча убакыт президент болуп олтурушу байланышып турат...
Булак: “Майдан.kg”