www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДПнын саясый кеңеши президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Сооронбай Жээнбековду түркүн саясый күчтөр колдоого өттү.

Маселен, парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” фракцияларынын таасирдүү депутаттары атайын билдирүү таратып, аламан жарышта Сооронбай Шариповичти сүрөөнгө алаарын расмий жарыялашаары күтүлүүдө. Ошондой эле “Кыргызстан”, “Замандаш” сыяктуу партиялар жакынкы аралыкта жыйын өткөрүп, С.Жээнбековду колдоорун расмий билдиришмекчи.

Буга улай Апрель революциясынын урматына түзүлгөн бирикмелер, коомдук уюмдар да жамы журтту КСДПнын бирдиктүү талапкерин колдоого чакырарына жакынкы күндөрү күбө болобуз. Мындай шартта бийлик менен дайыма жылуу мамилени кармап келаткан “Республиканын” төрагасы Өмүрбек Бабанов да “мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн” ураанын таштап, Сооронбай мырзаны колдогон топко кошулуп кетпейт деп ким кепилдик бере алат? Кыргыз саясатында кө-өп нерсени күтсө болот эмеспи…

Айтор, «Күч бирдикте» демекчи, сүйүктүү Кыргызстаныбыздын экономикасын, маданиятын, деги эле ар тараптан көтөрүү үчүн бизде ириде ынтымак жана биримдик керек экендигин саясатчыларыбыз да туура баамдап калышкандай. Баарыбыз эле «президент болуу» амбициясы менен жашай берсек, анда эч качан бири-бирибизге көмөк кылып, мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн салымыбызды кошо албай калабыз.

Ал эми бир лидерди тандап, калганыбыз ага кол кабыш кылып, жөлөк-таяк болуп берсек гана өнүгүүнүн үстүндө болот эмеспизби. 
Булак: "Багыт kg"

Последние новости