www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн шайлоодо "жыйынтык көрсөткөн жок" же "Жээнбековго жакшы иштеп, чуркаган эмес" деген шылтоо менен жетекчилерди тазалоо жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
«Мен мындай ушактарды угуп жатам. Татыктуулар калып, иштеши керек. Мындай шылтоо менен жакшы адистерди жумуштан бошотуунун кереги жок», - деди ал.
Сооронбай Жээнбеков кадр саясаты тууралуу сүйлөп жатып, акыркы 2 жылда райондук деңгээлде 198 жетекчи алмашканын билдирди. Ал айрым кызматкерлер 5-6 айдан кийин кызматынан бошотулса, айрымдары алардын дарегине айтылган сынга карабай 5-6 жыл иштеп жатканын белгиледи. «Ким коррупцияга аралашса, ага тиешелүү мамиле жасалышы керек. Алар элдин арасында жүрбөшү зарыл. Биз коррупционерлерди тазалап, коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүшүбүз керек», - деди президент.
Эске салсак, Кыргызстан коррупция менен күрөшүүдө 137и орунда турат.
Булак: NazarNews.kg