www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мамлекетке ири киреше алып келип жактан ишканаларды менчиктештирүүгѳ каршы экенин, анткени элдин мүлкү кийинки муунга калыш керектигин айтып күйүп бышты. 

Эл ѳкүлү ѳз сѳзүндѳ, Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине 5 мамлекеттик акционердик коом ѳтүп жатканына каршы экенин айтып, мунун жыйынтыгы менчиктештирилип сатылып кетет дегенди билдирээрин баса белгиледи.

"Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине "Дастан", "Кыргызтелеком", "Кыргызпочтасы", "Мегаком", "Евразия банкы" ѳтүп жатат. Министрликке "мошенник" Талант Имановду койдуңар, коррупциялык схема башталды. Бул Ширшовдун жетекчилигинин негизинде болуп жатат. Эсиңерге түйүп алгыла, кѳрѳсүңѳр, ушул беш ишкана бардыгы сатылат. Бардыгы жок болот. Иманов дегенде Ширшов деп түшүнѳбүз. Они "шайки-лейки", "два сапога пара". Түшүнүп жатасыңарбы?", - деп парламенттин жыйынында билдирди.

Калп айткан менен болобу, эл ѳкүлүнүн айткан сѳзүндѳ данек бар. Кийин, депутат айткандай мамлекеттик кирешелүү ишканалар кимди-ким кѳрдү болсо, жоопкерчиликти ким тартат? Талант Иманов эле эмес, Мирлан Бакиров керт баштары менен жооп берүүгѳ тийиш…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости