www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеке ишкерлердин саны көбөйүүдө

Сатистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтар базасына киргизилген жеке ишкерлердин саны өткөн жылы 3,1 пайызга өскөнү белгилүү болду. 2019-жылдын 1-январына карата 401,7 миң ишкер катталган болсо, 2018-жылы аймактарда 15,3 миң ишкана иштеген, анын ичинен 14,5 миңи - чакан ишканалар, 0,8 миңи — орто ишканалар болгон. Чакан жана орто ишканалардын 67,2 пайызы Бишкек шаарында жайгашкан. Бул жаатта 91 миң адам жумуш менен камсыз болгон.

2018-жылы чакан жана орто ишкердик субъекттеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 55,6 миллиард сом өлчөмүндө түзүлүп, өткөн жылга караганда 9,8 пайызга көбөйдү.

Баткен, Нарын, Ош облустарындагы жана Бишкек шаарындагы ишканалар көп товар өндүрүшкөн. Чакан жана орто ишкердиктин продукцияларынын дуң чыгарылышынын түзүмүндөгү 60 пайызы дыйкан (фермер) чарбалары өндүргөн продукцияларга туура келген, Анын 60 пайызы өсүмдук өстүрүүчү чарбалар, 39 пайызы мал чарба продукциялары болуп эсептелет.

Булак: Факты.kg

 

Последние новости