www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогулда толтура суу болот дейт

Ушул жылдын январь - май айында электр энергиясы, буу, газ менен камсыздоодо өндүрүштүн көлөмү 17 млрд. сомду түзүп, 3,3%га азайган.

Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин төрагасынын кеңешчиси Бакыт Сыдыков билдирди.

Ал белгилегендей, суу жана буу иштетип чыгуу 9,6%га, буу жана ысык суу менен камсыздоо 15,7%га, электр энергиясын бөлүштүрүү жана сатуу 5,6%га төмөндөгөн. Аталган убакытта электр энергиясын иштеп чыгаруу 6 млрд. 937,1 млн. кВт/ саат болгон.

Ал былтыркыга караганда 166,9 млн. кВт/саатка аз. Анын айтымында, анын азайышы жылуу аба ырайы, ички керектөөнүн азайышына байланыштуу болгон. Ошондой эле 1-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 17 млрд. 59 млн. метр куб суу топтоо пландалып жатканы айтылды. Жылуулук энергиясынын көлөмү 1 млн. 373,5 мин Гкал. болгон. Ал да өткөн жылга салыштырмалуу аз. Анын себеби, жылуулук сезону эрте аяктаган.

Булак: Факты.kg

 

Последние новости