www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азиз Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов кызматынан убактылуу четтетилди. КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бул тууралуу жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө макулдук бергендигине байланыштуу Нарын облусунун Райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Эрматов Джапар Асынбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди деп расмий билдирди.

Белгилей кетсек, Жапар Эрматов УКМКнын тергөө абагына 22-августка чейин камакка алынган. Жапар Эрматов Нарын шаардык сотунун судьясынын кызматын аркалап турганда 2013-жылдын 9-апрелинде Батукаевдин оор дарты тууралуу материалдарын кылдат иликтебей аны Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн деп айып тагылган.

Булак: NazarNews.kg

Следующий >

Последние новости