www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: "Сураныч"

"Жакшы жашамак бар, жакшы өлмөк жок" деп коюшат. Бул сөздүн чындыгын жыл өткөн сайын жон терим менен сезип келем. Ал тургай бул жарыктык менен кош айтышкан арбактардын өтүнүч, каалоолору болорун да билем.

Мындан бир топ жыл илгери айылда Медер аттуу жаш жигит киши колдуу болуп каза таап, жакындары сөөгүн суу өтчү түтүккө жашырылган жерден табышканын уккам. Кыркылыгы өткөндөн көп өтпөй ошол Медер менин түшүмө кириптир. Ал буту өйдө да, төмөн да жетпеген кууш өткөөлдө туруп, мага кайрылып:

"Бүбүкан эже, мен ушундай күн кечирип жатам. Чыгып кетүүгө менде амал да, айла да жок. Менин досторум ушундай күнгө салышты. Өздөрүнүн эртеңин кайдан ойлошсун", - деп кейип алды.

Медерди алыстан карап турам. Ырас, ал турган кууш өткөөлдүн баш - аягы, түбү жоктой сезилди. Колумдан келсе, жардам берейин деп, бир саамга карап турдум. Акылым жетчүдөй эмес. Жалтактай карап, артыма буруларда:

"Бүбүкан эже, токтой туруңузчу, сизге айтар өтүнүчүм бар!" -деди, сүйөнүп турган бир колун экинчи колуна алмаштырып жатып. Медер турган өткөөл өтө тар болгондуктан, бир капталдап гана турат экен. Кулагым сенде дегендей оозун тиктеп калдым.

Ал бийик абаз, муңканган үн менен:

"Келинчегим Жыпар кош бойлуу. Ал кыз төрөйт. Кызды апам алып калсын. Эгер муну айтпасаңыз мойнуңузга карыз!" - деди. Макул дедим да кылчак - кылчак артымды карай качып бир келатам. Жол арбыбайт десең...

Ушинтип тозоктонуп жатып ойгонуп кетсем таң агарып калыптыр. Ордумдан тургандан кийин да көпкө ойлондум. Түшкө эмнелер гана кирбейт. Жаңы эле алды эле го...

Келинчеги ырас эле кош бойлуубу деген эки анжы ой пайда болду, Медердин "Айтпасаңыз, мойнуңузга карыз!" - деген сөзүн эстеп, Бермет апанын үйүнө бардым. Кемпир баштагыдай болбой кыйла бошой түшүптүр. Ага түндө көргөн түшүмдү айттым. Кемпир ырасында келини Жыпара кош бойлуу экенин айтып, жашыды.

Күн жумага, жума айга жалгашып Бермет апанын келини Жыпар көз жарды. Кийин келини кызын энесине калтырып, тирүүлүктүн камы менен башка бирөөгө турмушка чыкты. Арбактын өтүнүчүн айтканым ырас болуптур, Бермет апанын жалгыз Медери көп жыл кийинки жашоонун агымын сезген белем, азыр андан калган небереси Назгүл энесине тирек. Кемпир ошого ыраазы. Жарыктык, уулунун белеги эненин жүрөгүнө дайым жылуулук тартуулап турса керек. Ошону эстейби көргөн жерде алкай берет.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

 

Последние новости