www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы жеке менчик медициналык борборлору менингитке каршы даарыларды 2-3 миң сомдон сатышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Жылдыз Мусабекова айтты.

Ал коңшу Казакстанда менингококк инфекциясы менен жабыркагандардын саны өсүп, бул оорудан каза болгондор да болуп жатканына тынчсызданып, Жогорку Кеңешке Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүн жана башка санитардык врачтарды чакырып, учурдагы абал менен таанышууну сунуштады.

 “Бул боюнча маалымат алышыбыз керек. Анткени, адамдар өз  өмүрүнө тынчсызданып жатышат. Ал эми бул жагдайдан жеке менчик медициналык борборлор пайдаланып, даарыларды 3 миң сомдон сатып жатышат. Бизге медиктер кандай кеңештерди берерин угушубуз керек. Мага  ушундай  менингит и туберкулез сыяктуу жугуштуу ооруларга каршы бизде ийне сайылбаганы кызыктырат”,- деди Жылдыз Мусабекова.

Анын бул демилгесин депутаттар колдоп бул маселени күн тартибине киргизишти.

 

Последние новости