www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жылдын 8-декабрынан тартып жеке менчик мектептерге лицензия берүү автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Ал эми 5-декабрда саат 18:00дөн кийин кагаз түрүндөгү документтер кабыл алынбайт.
Эми жеке менчик мектептер башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашырууга лицензия алуу үчүн бардык арыздарды жана документтерди “Лицензиялоо” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу тапшыра алышат: license.edu.gov.kg/
Жаңы тартип санариптик трансформацияны өркүндөтүү жана лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү боюнча Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында ишке киргизилген.