www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Орусиядагы элчилиги өз жарандарын кара тумоо коркунучу тууралуу эскертип, аларды Орусиянын аймагынан тез арада чыгып кетүүгө чакырды.
Дипломатиялык өкүлчүлүк Иркутск шаарында кара тумоо болушу мүмкүн деген маалыматтарды, адамдын каза болгонун жана карантиндик чаралар киргизилгенин кабарлаган билдирүүлөрдү көзөмөлдөп жатканы белгиленди.
Аймакта жүргөн АКШ жарандарына жергиликтүү дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн аткаруу, инфекцияга байланыштуу ооруканаларга барбоо жана дене табы көтөрүлүп же дем алуу көйгөйлөрү пайда болгон учурда медициналык жардамга кайрылуу сунушталды.
Ошондой эле АКШ жарандарына мүмкүн болуучу инфекция тараган аймакка баргандан кийинки 14 күн ичинде ден соолугун көзөмөлдөө сунушталды. Мындан тышкары, АКШ өкмөтүнүн жардамына көз каранды болбой турган Орусиядан шашылыш чыгып кетүү планын алдын ала түзүп коюу сунушталды.
АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык жарандарга Орусияга барбоону, ал эми учурда өлкөдө жүргөндөргө мүмкүн болушунча тез арада чыгып кетүүнү сунуштады.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Иркутск облусунун Шелехов районунда инфекция аныкталышы мүмкүн деген маалыматтарга байланыштуу Орусияга жардам берүүгө даяр экенин билдирген. Бирок райондук администрация кырдаалды өздөрү жөнгө сала аларын жана абал толук көзөмөлдө экенин билдирген.
Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Орусияны аныкталган инфекция боюнча башка өлкөлөргө көбүрөөк маалымат берүүгө чакырды.