www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулушу жүрүп жаткан жаңы стадион "Азаттык Арена" эмес "Бишкек Арена" деп аталат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында , Кыргызстандын тарыхындагы эң ири жан заманбап стадион толугу менен 2026-жылдын август айында курулуп бүтөт.

"Башында стадиондун аталышы "Азаттык Арена" деп бекитилген болчу. Бирок урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич калктын пикирин эске алып, жыйын өткөрүп, көпчүлүк элдин каалоосу менен жаңы аталыш "Бишкек Арена" болуп расмий түрдө өзгөртүлдү.

Бул — борбор шаарыбыздын өсүшүн, биримдигин жана жаңы тарыхый доорго кадам таштаган Кыргызстанды билдирген чоң символ", - деп билдирди Туманбаев.

Последние новости