www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-январда Бишкекте жарандык активисттер «мыйзамдуулук үчүн»,  «өнүккөн өлкө үчүн», «жаркын келечек үчүн», «студентти колдоо» деген ураандар менен кезектеги тынчтык жүрүшүнө чыгышты. Иш-чараны «Баштан башта» коомдук уюму уюштурган.

Маалым болгондой, тынчтык маршы түшкү саат 12:00дө темир жол бекетинен башталып, Эркиндик гүлбагы аркылуу өтүп, «Ала-Тоо» аянтында аяктамакчы. Жүрүшкө чыккандар бийликти узурпациялоого, мыйзамсыздыкка, референдум өткөрүүгө каршы пикирлерин айтып келишет.

Эске салсак, өлкөдө Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси көтөрүлгөндөн бери жекшемби сайын референдумга каршы жүрүш өтүп келет. Катышуучулардын арасында жарандык активисттер, юристтер, саясатчылар бар.

Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо үчүн 10-январда президенттик шайлоо менен бирге референдум өттү. Алдын ала жыйынтыкка ылайык референдумга катышкандардын 80%дан ашыгы «президенттик башкарууну» тандашты. Эми ага жараша Конституциялык кеңешме түзүлүп, Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке сунушталат. Парламент 6 ай убакыттын ичинде Баш мыйзамдын жаңы долбоорун карап чыгышы керек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости